УЮШТУРУУЧУЛАР
Учурунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин проректору, Коомдук илимдер институтунун мүдүрү жана Түркология бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген түрколог, акын, жазуучу жана адабий сынчы, филологгия илимдеринин доктору, профессор Салижан Жигитовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына карата КТМУнун Гуманитардык факультетинин түркология бөлүмү тарабынан ТҮРКСОЙ, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен биргеликте 2026-жылдын 26-27-март күндөрү Эл аралык «Салижан Жигитов жана адабият» аттуу симпозиум уюштурулат.
Симпозиумга көркөм адабият, адабият таануу, адабий сын, адабият тарыхы, адабият теориясы, салыштырмалуу адабият, адабият социологиясы, боордош түрк элдеринин адабияты, боордош түрк элдеринин адабияттарында котормо тармактары боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн окумуштуулар оригиналдуу макалалары менен катыша алышат.
5+ Өлкөдөн Окумуштуулар
Баяндамаларды жөнөтүү үчүн акыркы күн.
Илимий кеңештин чечими.
Китеп чыгаруу үчүн акыркы мөөнөт.